ЖАЛААК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:00, 27 Май (Бугу) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЛААК , л и з у х а, а л л о т р и о ф а г и я (лат. lambitus) – малдын даам сезиминин бузу­лушу. Уй, кой, эчки, чочко, тоок, чанда жыл­кы ж-а башка айбанаттар ылаңдайт. Жалаак денеде минерал зат, анын ичинде натрийдин жегич туздары, микроэлемент, витамин, амин кислотасы жетиш­пегенде пайда болот. Остеомаляция, итий, өнө­көт гастрит, гастроэнтерит, боор ылаңдарында, кутурмада байкалат. Жалаак м-н мал көбүнчө жа­зында ылаңдайт. Айрым жерлерде жалаак топурак­та минерал заттардын жетишсиздигинен болот. Ылаң создугуп өтөт, мал көрүнгөн нерсени жа­лап, чайнайт, жейт, жем жебейт. Арыктап, те­риси кургайт, кунардуулугу төмөндөйт, ылаң ашынып кетсе өлөт.