ЖАЛАЛ АД-ДИН
ЖАЛАЛ АД-ДИН М е ң д и м у р у н и б н А л а - а д - д у н и я а й - е д - Д и н А б у - л - Ф а т х М у х а м м е д (1198/99 – 17–20. 8. 1231, Айн-Дар айылы, Кавказ) – Хорезм шахы (1220-жылдан), Орто Азиядан чыккан кол башчылардын бири. Чыңгызхандын аскери Орто Азияга кол салганда, Жалал ад-Дин ага каршы бир нече жолу сокку берген. Моңголдор м-н алгачкы жолу Ыргыз дарыясынын боюнда беттешип, аларды жеңе турган болгондо, Жучу түндүн киришинен пайдаланып, талаага от жактырып, өзү чегинип кеткен (к. Моңгол басып алуулары, Моңгол империясы, Чыңгыз хан). Ала ад-Дин Мухаммед шах (Жалал ад-Диндин атасы) Текешке жоонун артынан кууп барып, талкалап салууну сунуш кылган, бирок моңголдордун «жеңилгенине» ишенген Жалал ад-Дин бул сунуштан баш тарткандыктан, кеңешчилери (вазир Шараф ал-Мүлк) андан алыстай баштаган. Пяндж дарыясынын жээктеринде, Наса, Перван шаарына жакын жердеги салгылашууларда (Насада 300 колу м-н жоонун 700, Перванда Шиги Кутукту нойон баштаган жоонун 45 миң аскерин талкалаган) моңголдорду жеңген. Бирок, 1221-жылы ноябрда Синд дарыясынын жээгиндеги салгылашууда Жалал ад-Диндин колу моңголдордон жеңилип, өзү Индияга качууга аргасыз болгон. 1224-жылы Кавказ аймагына келип, Иран м-н Месопотамияга жүрүш жасаган. 1225- жылы Армения м-н Грузиянын бир бөлүгүн ж-а Азербайжанды, 1226-жылы Тифлисти (Тбилиси) караткан. Гарниге жакын жердеги салгылашууда 20 миң грузин жоокери өлгөн, 10 миңи колго түшкөн. 1227-жылы Исфахандын алдында моңголдор м-н кайрадан кездешип, жеңишке ээ болгон. Месопотамияга жүрүш жасап, 1230-жылы Хилат шаарын алган. Мындай тынымсыз согуштардан кийин жергиликтүү уруулардын Жалал ад-Динге каршы нааразылыгы күчөп, моңголдордон тымызын жардам сурашкан. 1231-жылы август айында моңголдор капыстан Жалал ад-Диндин чакан кошуунун курчап калганда, жигиттери жоону алаксытып, аны жалгыз качырышкан. Бир курддун үйүнө түшкөн жеринен өлтүрүлгөн.
Ад.: Абуль-Гази хан. Родословное древо тюрков. Казань, 1906; Ян (Чевецкий) В. Г. Чингиз хан. Л., 1954; Рашид ад-Дин. Сборник летописей. Т. 2. М.; Л.
1960; Бартольд В. В. Туркестан в эпоху монгольского нашествия // Соч., Т. I. М., 1961; Ошонуку эле. Хорезм шах. // Соч., Т. II. М., 1964; Восворт С. Е. Мусульманские династии. М., 1972; Ан-Насави Мухаммад. Жизнеописание султана Джалал ад-Дина Манкбурны. Баку, 1973; Буниятов З. М. Государство хорезм шахов – Ануштегинидов (1097–1231). М., 1986;
Э. Турганбаев.