ЖАЛАЛ-АБАД МИНЕРАЛДУУ СУУСУ
ЖАЛАЛ-АБАД МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – Жалал-Абад облусундагы дарыланууга жарамдуу минералдуу ысык суу булактары. Жалал-Абад шаарынан 5 км түндүк-чыгыш тарапта, Айып-Тоонун батыш капталында, деңиз деңгээлинен 980 м бийикте жайгашкан. Суу жергиликтүү элге илгертен белгилүү. Алгачкы геологиялык ж-а гидрогеологиялык изилдөөлөр 1915-жылы башталган. Булактар чыккан жерде антропогендин лёсс сымал кум-топурагы (калыңдыгы 30 м), юра ж-а бор мезгилдеринде пайда болгон гравелит, кумдук, алевролит, чопо, конгломерат ж. б. чөкмө тектер кездешет. Аларды альп тектогенези бүктөлүүгө дуушар кылып, антиклиналдык түзүлүштү пайда кылган. Суу антиклиналга жарыш орун алган тектоникалык жарака зоналары аркылуу жер бетине булак түрүндө жана бургулоо көзөнөгүнөн (75–130 м тереңдиктен) агып чыгат. Мында Айып-Булак, Кыз-Булак, Ак-Булак, Жаңы-Булак, Шор-Булак, Узун- Жылга, Чаңгыр-Таш деп аталган 7 булак бар (суткалык дебити 1800 м3). Суу ээлеген катмардын астында ж-а үстүндө чопо катмары жатат. Суунун температурасы 21–43,5°С, жалпысынан суунун курамы сульфат-гидрокарбонат-хлориднатрий-кальцийлүү, чала жегичтүү (рН = 7,0– 7,5). Суу тунук, тузсуз, даамсыз, аз минералдашкан (1,2–7,4 г/л). Бир аз бром, бор, марганец, темир, фосфор, фтор ж-а орг. заттар бар. Кремний кислотасы 35,0 мг/л, көмүр кислотасы 35,0 мг/л, күкүрттүү суутек 2,0 мг/лге чейин. Азот 97,1%. Дебити 21 л/сек (1965). Суу ашказан, боор, өт ооруларына ж. б. дарттарга шыбаа. Имараттарды жылытууга, ичүүгө да пайдаланылат. Анын базасында Жалал-Абад курорту иштейт. Бекитилген кору 1,814 миң м3/суткасына.