ЖАЛАЛ-АБАД ЧОПО КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:57, 28 Май (Бугу) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЛАЛ-АБАД ЧОПО КЕНИ Жалал-Абад облусу­нун Сузак районунда, Жалал-Абад шаарынан 2 км түштүк-чыгышта, кыш заводунан 2,5 км түштүк-чы­гышта, деңиз деңгээлинен 793–858 м бийикте жайгаш­кан. 1970-жылы геологиялык чалгындоо иши жүргүзүлгөн. Кен аймагы калыңдыгы 3,0 мден 44,0 мге жет­кен кумайлуу топурактан турат да, бор, неоген ж-а байыркы антропоген мезгилинде пайда болгон катмарлардын үстүндө жатат. Өңү сар­гыч боз түстө. Андан «75» ж-а «100» маркасын­дагы кыш, «400», «500» ж-а «600» маркасында­гы суукка чыдамдуу аглопорит алууга жарайт. Бекитилген запасы: В категориясы боюнча 3422 миң м3, С – 4785 миң м3, 1996-жылы 1-январына карата калган запасы: В – 308 миң м3, С – 4785 миң м3.