ЖАЛБЫРАКЧЫЛАР
ЖАЛБЫРАКЧЫЛАР (Chrysomelidae) – коңуздар тукуму. Дене узундугу 1 смдей, кээде 2 смге жетет. Көбүнчө ачык түстө. Личинкасы бездүү бүдүрлөр м-н капталган. Жакшы өрчүгөн 3 жуп буту болот. Жалбыракчылар өсүмдүктө, топуракта ачык жашайт. Жер шарында 40 миң, КМШ өлкөлөрүндө 1400 түрү белгилүү. Жалбыракчылардын көпчүлүгү жемиш багына, эгин талаасына, бакчачылыкка ж-а бак-даракка (мисалы, колорадо коңузу картөшкөгө, калкан тумшук кызылчага, сүлүк сымал коңуз дан эгинине) зыян келтирет. Жалбыракчыларды жоготуу үчүн агротехниканы туура пайдалануу, инсектициддерди чачуу керек.