ЖАЛГАН ДМИТРИЙ I

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:28, 28 Май (Бугу) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ЖАЛГАН ДМИТРИЙ 1 to ЖАЛГАН ДМИТРИЙ I) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЛГАН ДМИ́ТРИЙ I [туулган жылы белгисиз – 17 (27). 5.1606] – өзүн орус падышасы Иван IVнүн баласы Дмитриймин деп көрсөткөн саясий куйту; ал кечил Григорий Отрепьев деген маалыматтар бар. Жалган Дмитрий Iнин орус тагына умтулушун поляк ­литва төбөлдөрү ж-а Северск жери м-н Смолен­скини алууну көксөгөн Польша королу Сигиз­мунд III колдогон. Жалган Дмитрий I католик динин жа­шыруун кабыл алып, Ватиканга орус чиркөөсүн баш ийдирүүнү убада кылган. Жалган Дмитрий I дыйкан­дар м-н казак-орустардын антифеодалдык кө­төрүлүшүнөн ж-а боярлардын падыша Б. Ф. Го­дуновдун жүргүзгөн саясатына нааразылыгынан пайдаланып, 1604-жылы күзүндө поляк-казак орус отряддары м-н Россияга кол салып, 1605-жылы 20-июнда Москваны ээлеген. Жалган Дмитрий Iнин саяса­тынын элге каршы багыты нааразылык туу­дуруп, ал элдик көтөрүлүштүн убагында өл­түрүлгөн.