ЖАЛГАНДЫК
ЖАЛГАНДЫК — философия илиминдеги тааным теориясынынын өзөктүү категорияларынын бири. «Чын жана жалган», «тууралык жана жалгандык» сыяктуу түгөйлөш терминдер катары колдонулат. Күндөлүк турмушта пайдаланылган натуура, калп деген сөздөрдүн синонимдери. Этика илиминде жалгандык а д е п окуусуна таандык болуп саналат. Жалгандык турмуштан келип чыккан шарттарга карата жооп катары пайда болгон. Жалгандык институту жалаң гана терс көрүнүштөр үчүн зыяндуу мааниде гана кызмат кылбастан, ошондой эле адам акылынын оң фантазиясына, тамаша-азилдерине, кыялданууларына, көркөм ой чабыттарына, ички дил эргүүлөрүнө оң маанидеги олуттуу ролдорду ойноп келген. Мифтерде, жомоктордо, легендаларда, ар кандай коркунучтуу айтымдарда жалгандыктын түрлөрү кездешет. Кыргыз лексикасында «каталык», «жаңылыштык», «адашуучулук» сыяктуу түшүнүктөрдү жалгандык м-н чаташтырбай, тескерисинче, алардан жалгандыкты айырмалоо зарыл.