ЖАЛГАСЫНОВА
ЖАЛГАСЫНОВА Дарыйка (20. 3. 1941-жылы туулган. Талас облусу‚ Кара-Буура району‚ Чолпонбай айылы) – ырчы (лирика-драмалык сопрано)‚ Кыргыз ССРинин эл артисти (1983).

П. И. Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваторияны бүткөндөн (1966) Кыргыз академиялык опера жана балет театрынын‚ 1978- жылдан Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетинин симфониялык оркестринин солисти. Классикалык жана улуттук операларда аткарган партиялары: Калыйман‚ Зулайка‚ Чынар (А. Малдыбаев‚ В. Власов‚ В. Фере‚ «Айчүрөк»‚ «Манас»‚ «Ажал ордуна»)‚ Ширин (А. Аманбаев‚ «Бойдоктор»)‚ Зияда (Н. Давлесов‚ «Аста-секин колукту»)‚ Маргарита (Ш. Гуно‚ «Фауст»)‚ Ксения (М. Мусоргский‚ «Борис Годунов»)‚ Лиза (П. Молчанов‚ «Бул жердин таңы бейкут») жана башкалар. Кыргыз композиторлорунун‚ обончулардын ыр-романстарын чебер аткарат. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө гастролдо болгон. 2001-жылы Жалгасынованын «Замандаштарга эстелик» аттуу ыр жыйнагы чыккан. Медалдар менен сыйланган.