ЖАЛГЫЗ-ЖАҢГАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:16, 29 Май (Бугу) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЛГЫЗ-ЖАҢГАК , К о м с о м о л – Жалал- Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Көгарт айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1160 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Су­зак кыштагынан 34 км түндүк-чыгыш тарапта. Жа­лал-Абад темир жол бекетинен 26 км. Кыштак 1890-жылы негизделген. Калкы 5925 (2022); неги­зинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана, ФАП бар. Тегирмен, мончо ж. б. иштейт.