ЖАЛГЫЗ-ТЕРЕК
ЖАЛГЫЗ-ТЕРЕК , А к - Ч и й – Нарын районундагы кыштак. Жерге-Тал айыл округуна караштуу. Нарын дарыясынын оң жээгинде, деңиз деңгээлинен 1905 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Нарын шаарынан 45 км түндүк-батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 215 км. Кыштак 1930-жылы отурукташкан. Калкы 1054 (2007); негизинен мал чарбасында, дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.