ЖАЛГЫЗ-ӨРҮК НЕФРИТ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:27, 29 Май (Бугу) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЛГЫЗ-ӨРҮК НЕФРИ́Т КЕНИ Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда, Каба кыштагынан 10 км түндүктө, Кан-Сай коктусунун башында жайгаш­кан. Кен аймагын таш көмүр мезгилинин баш­талышында пайда болгон акиташ тектери түзөт. Аларды гранит-диорит интрузиясы жиреп чык­кан. Акиташ тектери интрузия менен кошулган жерлерде мраморлошуп, айрым жерде доломит­тешип калган. Бул зонада калыңдыгы 1 м, узундугу 10 мге жеткен эпидозиттин тулкулары кезигет. Ошондой эле мында, калыңдыгы 1 смге жеткен тарам­дар түрүндөгү нефрит бар. Нефрит ачык жашыл түстө. Андан асем буюмдарды жасоого болот.