ЖАЛДООЧУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:29, 29 Май (Бугу) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЛДООЧУ – эмгек келишиминин негизинде жумушчуну ишке алган тарап. Аталышына ж-а менчигинин түрүнө карабастан, жумушчу м-н эмгек келишимин түзүп, ага иш ордун бер­ген ишкана, мекеме, уюм, коом, шериктештик, кооперация (алардын бирикмелери ж-а өзгөчө­лөнгөн кичи бөлүмдөрү), ошондой эле юридикалык жак болбой туруп иш жүргүзгөн ишкер жумушчулар м-н эм­гек келишимин түзүү ж-а токтотуу укугу берил­ген жарандар мыйзамда жалдоочу боло алышат.