ЖАЛИЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:33, 29 Май (Бугу) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЛИЕВ Баатыр (15. 12. 1935-жылы туулган, Ош облусу, Кара-Суу району, Кашкар-Кыштак кыштагы — 30. 5. 2020-жыл, Ош шаары) – живо­писчи, график, Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү (1993).

Б. Жалиев. «Пахта талаасы» (фрагмент). 1969.

Фрун­зе көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн (1964). 1968-жылдан СССР сүрөтчү­лөр союзунун мүчөсү. 1977–1982-жылдары Кыргыз сүрөтчүлөр со­юзунун Ош облустук бөлүмүнүн төрагасы болуп иштеген. Өнөр жай, айыл- чарба темаларына ар­налган «Өнөр жайлуу Ош» (1966), «Ош курулуп жа­тат» (1972), «Хайдаркан комбинаты» (1974) аттуу чыгармаларды жараткан. Портрет жанрындагы «То­гуз коргоол» (1974) эмгеги Жалиевдин чыгармачылык чоң жетишкендиги болуп эсептелет. Ал – республикалык, бүт­күл союздук жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу болгон. Жалиевдин чыгармалары Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт өнөр музе­йинде жана

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги өлкөлөрүнүн музейлеринде сак­талуу. Медалдар менен сыйланган.