ЖАЛПАК КУРТТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:50, 29 Май (Бугу) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЛПАК КУРТТАР (Plathelmintes) – жөнөкөй түзүлүштүү курттар тиби. Денеси кош симметриялуу, узун, жалпак. Узундугу 0,2 ммден 18 мге че­йин жетет. Эркин жашоочуларынын денеси кир­пикчелүү эпителий м-н, мителериники ядросуз катмар (тегумент) м-н капталган. Мителеринин соргучтары бар. Жалпак курттар алгачкы ооздуу, алар­дын дене көңдөйү жок (органынын ортосу па­ренхима м-н толгон), үч түйүлдүк жалбыракча­лардан – экто-, энто­ж-а мезодермадан өөр­чүйт ж-а кан тамыр, дем алуу органдары жок. Жалпак курттардын ичинде киши ж-а жаныбарларга кор­кунучтуу мителер да бар. Алар морфологиялык-физиологиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша 3 класска (кирпикче­лүүлөр, соргуч курттар ж-а тасма курттар) бөлүнөт. 12 500гө жакын түрү белгилүү. Деңиз­де, тузсуз сууда ж-а кургакта жашап, дээрлик көбү мителер.