ЖАЛПАК-ТАШ КӨРҮСТӨНҮ
ЖАЛПАК-ТАШ КӨРҮСТӨНҮ – биздин заманга чейинки VI–IV кылымдардагы көчмөн сак урууларынан калган археологиялык эстелик. Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Узун-Акмат суусунун оң өйүзүндө жайгашкан. Көрүстөндүн диаметри 8–21 м, бийиктиги 0,4–2,5 м. Эстеликтин 8 дөбө-мүрзөсү изилденген. Маркумдардын сөөгү төрт чарчы чуңкурга коюлган. Карапа идиштер, кийимге кадалуучу жука алтындан жасалган кооз буюмдар табылган. Айрыкча жука алтынга адамдын башы жана жырткыч куштун сүрөтү басып түшүрүлүп, кийимге кадалуучу алтын каңылтыр кызыгууну туудурат.
