ЖАЛПЕТЕКОВ
ЖАЛПЕТЕКОВ Абдразак (14. 1. 1901, азыркы Нарын облусу, Кочкор району, Дөң-Алыш айылы – 3. 6. 1982, ошол эле жер) – мугалим, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими (1967), КРдин эл

агартуусунун отличниги (1946). Караколдогу мугалимдерди даярдоо курсун (1922), кийин Фрунзе шаарындагы мугалимдер институтунун күндүзгү окуу бөлүмүн бүтүргөн (1937– 39). Базар-Турук (1922), Кара-Мойнок (1922–27), Кызыл-Дөбө (1927–30) мектептеринде, Нарын кантонунда мектептер боюнча инспектор, методист (1930–37), Кум-Дөбө (1939–40) башталгыч мектебинде мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, Талаа-Булак (1940–43; 1950–73), Орток (1943–50) орто мектептеринин директору болуп эмгектенген. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган. Орток айылындагы орто мектепке ысмы ыйгарылган.
А. Түркмөнов.