ЖАЛПЫ АСКЕРДИК МИЛДЕТ
ЖАЛПЫ АСКЕРДИК МИЛДЕТ – өз өлкөсүнүн куралдуу күчтөрүндө мыйзам чегинде аскердик кызмат өтөө милдети. КРдин жараны болгон бардык эркектер тегине, мүлктүк ж-а кызматтык абалына, билимине, тилине, динине, расасына, улутуна, жашаган жерине, саясий ж. б. ынанымдарына карабастан, мамлекеттин Куралдуу Күчтөрүнүн катарында аскердик кызмат өтөөгө милдеттүү. Тынчтык мезгилде 19 жаштан 40 жашка чейин медициналык же башка атайын даярдыктан өтүшкөн, КРдин жарандары болгон аялдар да аскердик каттоого алынып, аскердик жыйындарга тартылып ж-а аскер кызматына ыктыярдуу кабыл алына алат. Согуш мезгилинде КРдин Президентинин чечими боюнча аялдар көмөкчү ж-а атайын кызмат өтөө үчүн Куралдуу Күчтөргө чакырылышы ыктымал. Аскерге чакырылгандар ата мекенин, элин сүйгөндүгүн, ага берилгендигин, жан дили м-н кызмат кылууга умтулгандыгын билдирип, аскердик ант беришет. Аскердик кызмат КРдин Куралдуу Күчтөрүндө анык аскер кызматынан ж-а запастагы кызматтан турат. Өлкөнүн жарандары КРдин мыйзамдарына ылайык альтернативалык (аскерден тышкары) кызматка чакырылышы мүмкүн.