ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ
ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ – билим берүүчү мектептерде бардык балдарды милдеттүү түрдө (тиешелүү минимум көлөмүндө) жалпы окутуу. Жалпы билим берүү мамлекет тарабынан камсыз кылынат. Жалпыга бирдей билим берүүнү 16-кылымда Т. Мор сунуш кылган. 18-кылымда Улуу француз революциясы балдарды милдеттүү түрдө окутууну жарыялаган. К. Маркс м-н Ф. Энгельс «Коммунисттик партиянын манифестинде» (1848) бардык балдарды коомдук негизде акысыз окутуп-тарбиялоо талабын коюшкан. Париж коммунасы муну иш жүзүнө ашырууга аракет жасаган. Башталгыч мектептердин көлөмүндө балдарга милдеттүү түрдө жалпы билим берүү мыйзамдары Данияда (1814), Швецияда (1842), Норвегияда (1848), АКШда (1852–1900), Японияда (1872), Англияда (1880), Францияда (1882) ж-а Латын Америка өлкөлөрүндө 20-кылымда кабыл алынган. Россияда 16 жашка чейинки улан-кыздарга жалпыга милдеттүү ж-а акысыз кесиптик билим берүү талабы РСДРПнин 2-съездинде кабыл алынып (1903), партиянын Программасында коюлган. 18-кылымдын аягы – 19-кылымдын башында Кыргызстандагы ислам дин өкүлдөрү жергиликтүү элдин тестиер балдарын мечит, медреселерге окута баштаган. Кыргыз балдары Караколдогу ж-а Пишпектеги башталгыч окуу жайларынан төрт жылдык билим алышкан. Кийин ал 1914-жылы жогорку башталгыч окуу жайына айланган (к. Кыргыз Республикасынын билим берүү системасы). СССРде милдеттүү башталгыч билим берүү 1930-жылы башталып, 1934-жылы бардык жерде ишке ашкан. Кыргыз АОсунун облустук элге билим берүү бөлүмү 1924-жылы түзүлүп, 1927-жылы Кыргыз АССРинин, 1937-жылы Кыргыз ССРинин, 1946-жылы Кыргыз ССРинин агартуу эл комиссариаты, 1962-ж. Кыргыз ССРинин агартуу министрлиги, 1988-жылы Кыргыз ССРинин элге билим берүү министрлиги болуп өзгөргөн. 1933– 37-жылдарда СССРде жалпыга милдеттүү жети жылдык билим берүү каралып, негизинен 1956-жылы аткарылган. 1958-жылы жети жылдык билим берүүнүн ордуна жалпыга милдеттүү сегиз жылдык билим берүү киргизилип, 1962–63-жылдарда турмушка ашырылган. КПССтин 24-съездинин директиваларына ылайык 9-беш жылдыктан баштап жалпыга милдеттүү он жылдык орто билим берүү жүзөгө ашкан. Кийин ал 1992–93-окуу жылында он бир жылдык окуу мөөнөтүнө өткөн. Базалык жалпы билим берүү милдеттүү ж-а акысыз болгон. 1991-жылы 1794 мектеп болсо, 2006-жылы 2066га жеткен. 1994-жылы билим берүү мекемелерин лицензиялоо системасы киргизилген. 1995-жылы Улуттук тест жүргүзүү борбору түзүлгөн. Ал жалпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнүн билимдерине талдоо жүргүзөт. Билим берүүнү реформалоо процессинде өлкөнүн 2025- жылга чейинки билим берүү стратегиясын аныктаган Мамлекеттик билим берүү доктринасы (2000), «Кыргыз Республикасын 2010-жылга чейин өнүктүрүүнүн комплекстүү негиздери» улуттук программасы (2001), Жакырдыкты кыскартуунун улуттук стратегиясы (2003–05), «Айыл мектеби» комплекстүү программасы (2003) иштелип чыккан. КРдин Өкмөтү 2015-жылга чейин бардыгы үчүн билим берүү боюнча улуттук планды, 2010-жылга чейин КРдин билим берүү тармагын өнүктүрүүнү бекиткен. 2003-жылы «Сапаттуу жана жеткиликтүү базалык жалпы билим берүү жөнүндө» мыйзам кабыл алынган. Кыргызстандын жарандарынын акысыз базалык жалпы билим алуусуна кепилдик берген бул документтерде билим берүү тармагын өнүктүрүүнүн кыска (5 жылдык) ж-а узак мөөнөттүү (10–15 жылдык) максаттары көрсөтүлгөн, коюлган максаттарга жетүүнүн стратегиясы түзүлүп, тактикасы аныкталган. 2006-жылы окуу предметтери боюнча мамлекеттик стандарттар жаңыртылды. 2008/09-окуу жылында жалпы билим берүү мекемелеринде 1 млн 160 миң бала окуган. Майып, жетим ж-а кароосуз калган балдар үчүн жалпы билим берүүчү 37 мекеме иштеген. Жалпы билим берүүчү адистештирилген 20 мекемеде (анын ичинде 14ү интернаттык типтеги) 3, 8 миң жеткинчектер ж-а өспүрүмдөр тарбияланууда. КРдин билим берүү министрлиги тарабынан Улуу Британиянын «Балдарды сактагыла» эл аралык фонду м-н бирдикте өзгөчө муктаждыктагы балдарды массалык мектептерге интеграциялоого жардам көрсөтүлүп, облус аралык психологиялык-медициналык- педагогикалык консультациянын базасында инклюзивдик билим берүү ресурстук борбору иштей баштаган. Өлкөдөгү жалпы билим берүүчү мекемелердин 80%тен көбүн айыл мектептери түзөт (2008). 1991–2003-жылдарда кыргыз, орус, өзбек ж-а тажик мектептери үчүн 15 млн 8 миң нуска 460 аталыштагы окуу китептери басылып чыккан. Натыйжада республика боюнча мектептер окуу китеп м-н 77,4% камсыз болгон. Ошондой эле маалыматтык-коммуникациялык технология, башкача айтканда жалпы билим берүү мекемелерин компьютерлештирүү, интернет тармагына кошуу улантылууда. Окуучулардын жетишкендиктерин баалоо системасы жаңыртылып, системалык мониторинг ишке киргизилүүдө. Окуу пландарынын ж-а окуу программаларынын мазмунун кайрадан иштеп чыгуу зарылдыгы бар. Жалпы билим берүү тармагын реформалоону жүргүзүүдө педагогдук кадрлар өзгөчө роль ойноодо. 2009-жылы республикада 73 миң мугалим эмгектенген. Алардын кесиптик чеберчиликтерин жогорулатуу Кыргыз билим берүү академиясында жүзөгө ашырылат.
М. Молдалиева, А. Элебесова.