ЖАЛПЫ ТИЛ ИЛИМИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:48, 29 Май (Бугу) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЛПЫ ТИЛ ИЛИМИ – тил илиминин бир бөлүгү; максаты – тилдик кубулуштарды теориялык жактан мүнөздөө ж-а аны изилдөө ыкмаларын негиздөө. Жалпы тил илими тилди универсалдуу феномен катары анын табиятын, маңызын, жаралышын, тарыхый мыйзам ченемдүүлүктөрүн, коомдогу кызматын, башка илимдер м-н болгон каты­шын, структуралык ж-а социалдык түзүлүшүн изилдейт. Тилди структуралык жактан изил­дөөдө ал ар бир конкреттүү тилге тиешелүү ички мыйзам ченеми бар бир бүтүн структура катары каралат; социалдык жактан изилденгенде, тил­дин коомдук процесстер м-н байланышы, со­циалдык ж-а аймактык тарамдалышы, струк­туралык-стилдик вариациялуулугу ж. б. жак­тары иликтенет. Дүйнөлүк тилдерге бирдей мү­нөздүү жалпы касиеттерди аныктоо ж-а жалпы универсалдуулуктун илимий-теориялык, методологиялык неги­зин, принцип, аспектилерин белгилөө орчундуу маселе болуп эсептелет.