ЕВРОПИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:02, 29 Май (Бугу) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕВРО́ПИЙ (лат. Europium), Eu – элементтер­дин мезгилдик системасынын III тобунан орун алган химиялык элемент. Катар номери 63, атмосфералык массасы 151,96. Массалык сандары 138Eu –60Eu болгон 23 изотобу белгилүү. Жер кыртышында массасы боюнча 1,2 · 10–4%. Лантаноиддерге кирет. 1886-жылы француздук химик Е. Демарсе Европийди минералынын курамы­нан оксид түрүндө тапкан. 1937-жылы гана таза ме­талл түрүндө алынган. Күмүш түстүү ак металл; эрүү t – 826°С; кайноо t – 1439°С; бирикмелеринде +2 ж-а +3 окистенүү даражаларын көрсөтөт. Абада тез окистенет, бөлмө температурасында HCl, HNO3, H2SO4, галогендер ж-а суу м-н кошулат. Атомдук реактордон алынган радиоактивдүү европийдин үч оксидин лантан м-н калыбына кел­тирип, андан кийин вакуумда дистилляция жолу м-н алынат. Рак оорусунун кээ бир түрүн дарылоо үчүн медицинада, нейтрондорду жутуучу катары ядролук реакторлордо, активатор ката­ры телеэкранда кызыл түстү алууда колдонулат.