ЖАМААТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:57, 29 Май (Бугу) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАМААТ – адамдардын шериктешүү формасы; өндүрүш каражаты жалпы менчик болуп, чар­баны биргелешип жүргүзүүгө, өндүрүлгөн нерсе­лерди тең бөлүштүрүү негизинде пайда болгон коом. Уруучулук коомдогу жамаат өндүрүштүк, үй­бүлөлүк, тиричиликтик, идеологиялык функцияларды жөнгө салган маанилүү социалдык организм бо­луп саналган. Коомдошуп жашоосунун бара-бара татаалданышы м-н адамдардын топтошуп жа­шоолору да алардын ири ж-а чакан топторун жаратты. Айылдык, коммуналдык, конфессия­лык, улуттук ж. б. жамааттар келип чыкты. Жамааттар карама-каршы функцияларды аткарып келүүдө. Бир жагынан бул өз мүчөлөрүн калкалап алуу­га жөндөмдүү демократиялык институт болуп саналса, экин­чи жагынан жамаат мамлекет ж-а адамдар тарабы­нан фискалдуу максаттарга, башкача айтканда жамааттык жумушта ар бир мүчө бири бирине кепил бо­луп, алардын жооптуулугу сыяктуу каражат­тар катары пайдаланылган. Өнөр жай өндүрүшү м-н тикелей байланыштуу жаралган соода-са­тык мамилелери элеттик жамааттарды талкалап, алардын ордун фермер чарбалары ж-а латифун­дисттер ээлеген. Маркетинг системасынын ев­ропалык өнүгүү шарттарында шаардык жамааттар да тал­каланып жок болгон. Бирок, Азия, Африка ж-а Америка континенттеринин айылдык жамааттары азыркыга чейин сакталып, өз жашоосун улан­тууда. Азыркы кездеги жамааттар өз мүчөлөрүнүн биргелешкен ишмердүүлүгү м-н бириктирилген ж-а жергиликтүү өз алдынча өзү башкарган системага ээ социалдык майда уюм болуп саналат.