ЖАМААТТЫК КЕЛИШИМ
ЖАМААТТЫК КЕЛИШИМ – ишкана, мекемедеги эмгектик ж-а социалдык-экономикалык мамилелерди жөнгө салуучу ж-а жумушчулар, кызматкерлер м-н иш берүүчүлөрдүн ортосундагы жазуу жүзүндө түзүлүүчү документ. Жамааттык келишим менчиктин түрүнө карабастан ишкана, уюмдарда кеминде 1 жылдык мөөнөткө түзүлүүгө тийиш. Тараптардын жамааттык сүйлөшүүлөрү башталгандан тартып 2 айдын ичинде жамааттык келишимдин айрым жоболору башка тараптардын ортосунда макулдашууга жетишилбесе, пикир келишпестик токтомун кошо түзүү м-н жамааттык келишимге кол коюлууга тийиш. Жөнгө салынбаган пикир келишпестиктер кийинки жамааттык сүйлөшүүлөрдүн негизи болушу же эмгек мыйзамдарына ылайык чечилиши мүмкүн.