ЖААКСЫЗДАР
ЖААКСЫЗДАР (Aghatha) – сууда жашоочу омурткалуулардын чоң классы. Омурткалуу жаныбарлардын эң жөнөкөйлөрү. Жаагы жок ж-а таноосу бирөө. Скелети кемирчектүү. Бакалоору капчык түрүндө болгондуктан, к а п ч ы к б а к а л о о р д у у л а р деп да аталат. Бакалоор скелети капчыгынын сыртынан орун алган, омуртка түркүгүнүн кызматын хорда аткарат. Жааксыздар байыркы девон ж-а силур мезгилинде кеңири таралган. Азыркы фаунада жааксыздардан оймок ооздуулар классынын 2 өкүлү – миногалар ж-а миксиндер кезигет.