ЖАМАК
ЖАМАК – даяр ыр өлчөмдөрүнүн (көбүнчө жети-сегиз, он-он бир муундуу) үлгүсүндө чыгарылчу байыртан келаткан шыдыр айтуу, сөздү же ырды уйкаштырып, биринин артынан бирин куюлуштуруп, төгүп айтуучу акындык чыгармачылыктын бир түрү. Жамактын терминологиялык так мааниси жок, анткени ал ырдын синоними катары («жамгырдай төгүп ырымды, жамактап айтып берейин» – Токтогул), ыр жолдорун ыргак, уйкаш ж. б. жактарынан белгилүү бир поэтикалык формага келтирүүчү көркөм каражат катары да («кызып ырдап олтурсаң, кыш койгондой жамайсың» – Калык) колдонула берет. Элдик оозеки чыгармачылыктагы к а р а ы р, ч у б у р т м а ы р, т ө к м ө ы р деген формалардай эле жамактын пайда болушунан аздыр-көптүр кабар берчү өзүнө таандык өзгөчөлүгү бар. Ал көркөм термин катары «жамак» деген сөздүн адепки тике маанисин (бир нерсени жамоо, куроо, кыйыштыруу ж. б.) метафора жолу м-н поэтика речинин бир формасын туюнтуучу (прозадан айырмалап туруучу) түшүнүк катары колдонуудан келип чыккан деп болжолдонот. Жамак көп кырдуу шыдыр айтуу түрү болгондуктан, аны өздөштүрүү даражасына карата ырчылар ч о ң ы р ч ы, т ө к м ө ы р ч ы же ч о ң ж а м а к ч ы, м а й д а ж а м а к ч ы деп бөлүнөт. Жамак негизинен оозеки эл чыгармачылыгында учурайт.