ЖАМАЛ КАРШИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:16, 29 Май (Бугу) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАМАЛ КАРШИ , Абу-л-Фадл ибн Мухаммад Жамал ад-Дин Карши (1230–31 – өлгөн жылы белгисиз) – орто кылымдардагы жети-суулук тарыхчы ж-а акын. Чагатай мамлекетинин борбору Алма­лык шаарыннда туулган. Вилайетти бийлеген Суг­нак тегиндин баласына тарбиячы болуп, ак са­райда иштегендиги үчүн «Карши» («Ак сарай­лык») аталып кеткен. 1264-жылы Кашкарга келген, 1282-жылы орто азиялык тилчи-илимпоз Абу Наср Исмаил ал-Жаухаринин (1002–07-жылдар ара­лыгында өлгөн) арабча жазылган «Ас-Сурах» сөз­дүгүн фарсы тилине которуп, араб тилинде ага кошумча «Мулхакат ас-сурах» («Дааналык эм­гегине кошумчалар») деген эмгегин жазган (1302–06). Анда азыркы Кыргызстандын аймагында өкүм сүргөн Караханиддер мамлекети жөнүндө баа­луу маалыматтар бар.