ЖАМАЛОВ
ЖАМАЛОВ Абдижалил Кыргызбаевич (1. 11. 1951-жылы туулган, Ош облусу, Өзгөн району, Төрт-Күл айылы) – генерал-майор (2001). 1973-жылы Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институтун бүткөн. 1973–76-жылдарда Прже-

вальск педагогикалык окуу жайында окутуучу, № 12 айылдык кесиптик-техникалык окуу жайында комсомол комитетинин секретары, 1976–79-жылдарда Кыргыз ССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгында райондук бөлүмдүн оперуполномочени, 1979–90-жылдарда Кыргыз ССР мамлекеттик коопсуздук комитетинде бөлүмдүн улук оперуполномочени, 1990–92-жылдарда Кыргыз ССР мамлекеттик коопсуздук комитетинин Ош облусу боюнча башкармалыгын начальниги, 1992–95-жылдарда КРдин улуттук коопсуздук комитетинде бөлүмдүн начальниги, 1995–99-жылдарда улуттук коопсуздук комитетинде, 1997-жылдан улуттук коопсуздук министрлигинде төраганын орун басары, начальник, 1999–2002-жылдарда улуттук коопсуздук министрлигинде, 2001-жылдан улуттук коопсуздук кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын начальниги, 2002–03-жылдарда КРдин улуттук коопсуздук кызматынын башкы башкармалыгынын начальниги, 2003–05-жылдарда КРдин улуттук коопсуздук кызматында башкармалыктын начальниги, 2005–06-жылдарда КРдин улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын 1-орун басары болуп иштеген.