ЖАМАНКУЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:50, 29 Май (Бугу) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАМАНКУЛ Бөрүбай уулу (1884, азыркы Чүй облусу, Кант району, Чоң-Далы айылы – өлгөн жылы белгисиз) – төкмө акын. 1912-жылы Шабдан баатырдын ашын­да жар чакырып, кыргыз-казакка ырчы ката­ры белгилүү болгон. Кыргызстандын түндүк-түштү­гүнөн, коңшу элдерден көптөгөн ак таңдай акын­дар чогулган чоң жыйындарда акындык өз­гөчөлүгүнөн, үнүнүн күчтүүлүгүнөн ж-а тембри­нин кооздугунан улам жарчылыкты көбүнчө ага ыйгарышкан. Анын адабий мурасы бизге өтө аз санда жеткен, эл оозунда калган ырлары эл мүдөөсүн көрө билген чоң ырчы экенин айгине­лейт. Буга анын 1916-жылкы көтөрүлүш учу­рундагы элдин башына түшкөн мүшкүлдү реал­дуу сүрөттөгөн ыры айкын мисал. Ал өз мезги­линде көп акындар м-н айтышкан. Алардын ичинен Найманбай ырчы м-н айтышканы гана чакан көлөмдө сакталган. Жаманкул «Манас», «Семе­тей» эпосторун да мыкты аткарган. Анын чы­гармалары 1946-жылы Бишкекте басылып чыккан «Кыргыздын эл акындары» аттуу китепке кир­гизилген.