ЖАМАНКУЛОВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:55, 29 Май (Бугу) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАМАНКУЛОВА Гүлбүбү (1927‚ азыркы Талас району‚ Кеңкол айылы – 7. 7. 2007, Бишкек) – экономика илимдеринин доктору (1971)‚ профессор (1974)‚

Кыргыз ССР ИАнын корреспондент-мүчөсү (1984)‚ Кыр­гыз ССРинин эмгек сиңирген му­галими (1980). Экономика теориясы боюнча адис. Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун (1954)‚ КПСC БКнын алдын­дагы жогорку партиялык мектеп­ти (1961)‚ КПСС БКга ка­раштуу коомдук илимдер академиясын (1963) бүткөн. Комсомолдук иштерде иште­ген (1951–58)‚ Кыргыз CCР элге билим берүү министри­нин орун басары (1958–59)‚ 1963-жылдан ФПИ-нин саясий экономия кафедрасынын башчысы болгон. 100дөн ашуун илимий эмгектин‚ анын ичинде 5 мо­нографиянын‚ окуу китептеринин автору. Ле­нин ордени, «Даңк» (2000) ж. б. медалдар м-н сыйланган.

Эмг.: Технический прогресс и всестороннее развитие рабочих. Ф.‚ 1961; Cоциально-экономическое преобра­зование Киргизии и пути его дальнейшего развития. Ф.‚ 1969.