ЖАЗУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:04, 29 Май (Бугу) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЗУУ – 1) сөздүн (кептин) катталышы; гра­фикалык белгилердин жана сүрөттөрдүн жарда­мы аркылуу ой-сезимди, сөздөрдү чагылдыруу­чу белги. Ал бардык доорду бири-бири менен бай­ланыштырып, өз сапатын улам жакшыртып отуруп, азыркы абалга келген. Жазуу – адамдын оюн, сөзүн кагаз бетине түшүрүүдө колдону­лат. Жазуу – коомдогу зор табылгалардын бири, маданияттын жогорку жетишкендиги. Кайсы гана элди албайлы, бардыгынын жазуусу бири-бири­нен туруктуу белгилери, формасы менен айырма­ланган системаны түзөт. Жазууда белгилердин фор­масына карата эмес, маанисине, башкача айтканда, кептин кайсы элементтеринин (сөз, муун же тыбыш) белги аркылуу туюнтулушуна карай типтерге бөлүнөт. Ушул негизде дүйнө тилдеринин жазуусу 4 типке бөлүнөт: пиктографиялык жазуу, идео­графиялык жазуу, муун жазуусу жана тыбыш жазуусу. П и к т о г р а ф и я л ы к жазуу – жазуунун эң байыркы түрү. Анда туюнтма катары бү­түндөй бир кабар билдирүүчү сүрөттөр (пик­тограммалар) колдонулган. И д е о г р а ф и я ­л ы к жазуунун жазуу белгиси бүтүн бир сөздү же анын таанымал бөлүгүн туюнтат (мисалы, кытай иероглифи). Жеке турганда маани берген муун­дар – м у у н жазуунун белгилери болуп эсепте­лет. Бул жазууну көбүнчө сөздөрүндө муун саны аз тилдер колдонот. Т ы б ы ш жазуунун түрү – үнсүз тыбыш жазуусу жана вокалдык-тыбыштык жазуу (мындагы белгилер үндүү-үнсүз – экөөнү тең билгизет); 2) май живописи техникасында – ири полотнону тартууда лессировкадан мурда боёк­ту сүртүүнүн артынан эле жасалчу негизги про­цесс. жазуунун саны сүрөтчүнүн ишине жараша болот, алардын ар бири боёктун толук курга­шы менен бүтөт. Кеңири жана так эмес маанисин­де – кээде боёктук сүртүмдү жана бүткөн карти­наны же анын деталдарын оңдоо (автордун өзү оңдобогон жерлерин кошуп да) жазуу деп аталат.

Байыркы пиктографиялык жазуу. Пасха аралынан табылган байыркы Египет иероглифи.