ЖУРНАЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:58, 29 Май (Бугу) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУРНА́Л (фр. journal – күндөлүк) – мезгилдүү басылма. Ж. чыгуу мезгилине карай: апталык, айлык ж-а жылына бир жолу чыгуучу басыл­ма; мазмунуна карай: коомдук-саясий, адабий­көркөм, өндүрүштүк-тех., спорттук, сатиралык, ил.-тармактык, ил.-популярдуу, ил.-маалымат­тык, модалык, библиогр., рефераттык болуп бөлүнөт. Ж. окурмандардын жаш өзгөчөлүгүнө (балдар, өспүрүмдөр ж. б.) жараша да басылат. Ал гезит сыяктуу эле, жалпыга маалымдоонун негизги каражаттарынын бири катары элдин коомдук турмушун же белгилүү бир саясий пар­тиянын кызыкчылыгы м-н таламын колдоп ту­рат. Гезиттерден айырмаланып, Ж-дарда жаңы­лыктардан тышкары түрдүү аналитикалык ма­кала, очерк, публ. эсселер м-н көркөм чыгарма­лар жарыяланат. Дүйнөдөгү биринчи Ж. 1665-ж. 5-январда Францияда «Журнал де Саван» деген ат м-н жарык көргөн. Ошол эле жылы Англия­да («Философикал транзекшнс оф Ройял сосайе­ти»), 1668-ж. Италияда («Жорнале деи леттера­ти»), 1682-ж. Германияда («Акта эрудиторум») чыгарыла баштаган. Көп өлкөдө Ж. 18-к-да пайда болгон. Алгачкы Ж-дар, негизинен, көркөм ад-т, илим, көркөм өнөр, дин маселеле­риндеги жаңылыктарды баяндоо м-н гана чек­телген. 19-к-дын 2-жарымынан баштап Ж-дын туруктуу түрлөрү калыптанган. Окурмандарга арналган түрдүү мазмундагы, көлөмдүү Ж-дар арбыныраак жарык көрө баштаган. 1918–25-ж. СССРде коомдук (аялдарга, жаштарга, армияга ж. б. багытталган саясий, теор., адабий-көркөм, ил.-тех., чарбалык) Ж-дар чыккан: «Красная звезда» (1918), «Сельское хозяйство» (1919), шордуу аймактарды өздөштүрүүдө кол­донулат.

«Пролетарская революция» (1921), «Крокодил» (1922), «Огонёк» (1923), «Большевик» (1924), «Библиотека» (1925) жана башкалар. Кыргызстанда Ж-дар Со­вет доорунда гана чыга баштаган.

2010-жылга чейин Кыргызстанда чыккан журналдар.

Эне тилибиз­деги туңгуч «Коммунист» журналы (1926) жа­рык көргөн. Кыргыз тилинде адабий ил.-пед. («Жаңы маданият жолунда» 1928), а. ч. («Дый­кан», «Дехканин») Ж-дары жарык көргөн. 1991-ж. чейин Кырг-нда 30дан ашык Ж. ж-а Ж. тибиндеги «Кыргызстандын пропагандисти жана агитатору» (1944), «Кыргызстан аялдары» (1951), «Чалкан» (1955), «Ала-Тоо» (1931), «Ли­тературный Киргизстан» (1954), «Жаш Ленин­чи» (1952), «Кыргызстан айыл чарбасы» (1955), «Сельская хозяйство Киргизии» (1955), «Ден соо­лук» (1960), «Байчечекей» (1977) ж. б. чыгып турган. Респ-да учурда чыгып жаткан Ж-дар тар­мактык-кесиптик мүнөзгө ээ болуп, ченелүү гана нуска м-н жарык көрүүдө («АКИpress», «Банков­ский вестник», «Нормативные акты Кыргызской Республики», «Финансово-налоговый вестник», «Рынок ценных бумаг», «Кадр», «Премьера»; коомдук-саясий, аналитикалык-популярдуу «За­мандаш», «Байчечекей», «Жетиген», «Ракурс», «Шоокум», «Интеллект, чыгармачылык жана турмуш» ж. б.). Маалымат технологияларынын өнүгүшү м-н интернет Ж-дар пайда болду. Т. Ишемкулов.