ЖУПКА
ЖУПКА – ачыбаган камырдан даярдалган тамактын түрү. Буудай ундан жууруп, тыныктырып, жука (3–4 мм) жайылган камырды казанга бирден каттап салып, жети-сегиздеп жуптап, улам оодарып бышырат. Жупканы сорпо, сүт, эзилген сүзмө же курут, айран, жуурат, кымыз же чайга жейт. Аны кургатып, майдалап баштыкка салып, алыс жолго чыкканда, жол азык катары ала жүргөн. Ж-ны О. Азия элдери, казактар да жасайт. Айрым жерлерде ч а б а т ы деп да аталат.