ЖУП ЖАЛБЫРАКТУУЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:04, 29 Май (Бугу) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУП ЖАЛБЫРАКТУУЛАР (Zygophyllaceae) – өсүмдүктөрдүн эки үлүштүүлөр классынын ту­куму. Бир же көп жылдык чөп, бадал же чала бадал, айрым түрү дарак. Татаал канат сымал кесилген же бүтүн жалбырактары тушташ же кезектешип жайгашат. Кээде тикенге айланган жан жалбыракчалары болот. Гүлү жалкы же чачыдай, чатырдай топ гүлгө чогулган; кош жы­ныстуу, актиноморфтуу, кээде бир жыныстуу. Гинецейи 5–4 же 3–2 мөмө жалбыракчалардан түзүлгөн. Мөмөсү – кутуча, данекче же ширелүү жемиш. Алардын 23 уруусу 240тай түрү бел­гилүү. Кырг-нда 11 түрү кездешет. Негизинен тропик, субтропик ж-а мелүүн алкактардын кургак р-ндорунда, Сахара, Батыш, Борб. жана О. Азия чөлдөрүндө, Араб ж. а-нда, Австралия­да ж-а Түш. Сибирдин кумдуу, таштуу, ылай­луу, шордуу жерлеринде өсөт. Кээде деңиз деңг. 4000 м бийиктикке чейин кездешет. Көп түрүндө алкалоиддер, сапониндер, өңдөгүч заттар (ады­рашман, мык тикен) табылса, айрымдары чөл­дө кум бекитүүдө,