ЖУПКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:07, 29 Май (Бугу) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУПКА – ачыба­ган камырдан даяр­далган тамактын түрү. Буудай ундан жууруп, тыныкты­рып, жука (3–4 мм) жайылган камырды казанга бирден кат­тап салып, жети­-сегиздеп жуптап, улам оодарып бы­шырат. Жупканы сор­по, сүт, эзилген сүз­мө же курут, айран, жуурат, кымыз же чайга жибитип жейт. Аны кургатып, майдалап баштыкка са­лып, алыс жолго чыкканда, жол азык катары ала жүргөн. Жупканы Орто Азия элдери, казактар да жасайт. Айрым жерлерде ч а б а т ы деп да аталат.