ЖУРНАЛ
ЖУРНА́Л (французча journal – күндөлүк) – мезгилдүү басылма. Журнал чыгуу мезгилине карай: апталык, айлык жана жылына бир жолу чыгуучу басылма; мазмунуна карай: коомдук-саясий, адабий-көркөм, өндүрүштүк-техникалык, спорттук, сатиралык, илимий-тармактык, илимий-популярдуу, илимий-маалыматтык, модалык, библиографиялык, рефераттык болуп бөлүнөт. Журнал окурмандардын жаш өзгөчөлүгүнө (балдар, өспүрүмдөр жана башкалар) жараша да басылат. Ал гезит сыяктуу эле, жалпыга маалымдоонун негизги каражаттарынын бири катары элдин коомдук турмушун же белгилүү бир саясий партиянын кызыкчылыгы менен таламын колдоп турат. Гезиттерден айырмаланып, журналдарда жаңылыктардан тышкары түрдүү аналитикалык макала, очерк, публ. эсселер менен көркөм чыгармалар жарыяланат. Дүйнөдөгү биринчи журналдар 1665-жылы 5-январда Францияда «Журнал де Саван» деген ат менен жарык көргөн. Ошол эле жылы Англияда («Философикал транзекшнс оф Ройял сосайети»), 1668-жылы Италияда («Жорнале деи леттерати»), 1682-жылы Германияда («Акта эрудиторум») чыгарыла баштаган. Көп өлкөдө журнал XVIII кылымда пайда болгон. Алгачкы журналдар, негизинен, көркөм адабият, илим, көркөм өнөр, дин маселелериндеги жаңылыктарды баяндоо менен гана чектелген. XIX кылымдын 2-жарымынан баштап журналдын туруктуу түрлөрү калыптанган. Окурмандарга арналган түрдүү мазмундагы, көлөмдүү журналдар арбыныраак жарык көрө баштаган. 1918–1925-жылдары СССРде коомдук (аялдарга, жаштарга, армияга жана башкаларга багытталган саясий, теориялык, адабий-көркөм, илимий-техникалык, чарбалык) журналдар чыккан: «Красная звезда» (1918), «Сельское хозяйство» (1919), «Пролетарская революция» (1921), «Крокодил» (1922), «Огонёк» (1923), «Большевик» (1924), «Библиотека» (1925) жана башкалар. Кыргызстанда журналдар Совет доорунда гана чыга баштаган. Эне тилибиздеги туңгуч «Коммунист» журналы (1926) жарык көргөн. Кыргыз тилинде адабий илимий-педагогикалык («Жаңы маданият жолунда», 1928), айыл- чарба («Дыйкан», «Дехканин») журналдары жарык көргөн. 1991-жылга чейин Кыргызстанда 30дан ашык

журнал жана журнал тибиндеги «Кыргызстандын пропагандисти жана агитатору» (1944), «Кыргызстан аялдары» (1951), «Чалкан» (1955), «Ала-Тоо» (1931), «Литературный Киргизстан» (1954), «Жаш Ленинчи» (1952), «Кыргызстан айыл чарбасы» (1955), «Сельская хозяйство Киргизии» (1955), «Ден соолук» (1960), «Байчечекей» (1977) жана башкалар чыгып турган. Республикада учурда чыгып жаткан журналдар тармактык-кесиптик мүнөзгө ээ болуп, ченелүү гана нуска менен жарык көрүүдө («АКИpress», «Банковский вестник», «Нормативные акты Кыргызской Республики», «Финансово-налоговый вестник», «Рынок ценных бумаг», «Кадр», «Премьера»; коомдук-саясий, аналитикалык-популярдуу «Замандаш», «Байчечекей», «Жетиген», «Ракурс», «Шоокум», «Интеллект, чыгармачылык жана турмуш» жана башкалар). Маалымат технологияларынын өнүгүшү менен интернет журналдар пайда болду. Т. Ишемкулов.