ЖАМБЫЛ ОБЛУСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:43, 30 Май (Бугу) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАМБЫЛ ОБЛУСУ Казакстан Респпубликасынын түш­түгүндө. 1939-жылы 14-октябрда уюшулган. Аян­ты 144,5 миң км2. Калкы 983,9 миң (1999). Об­луста 10 адм. район, 4 шаар, 13 шаарча бар. Борбору – Тараз шаары. Аймагынын көп бөлүгү түзөң келип, түндүгүн Бетпак-Талаа, Моюн-Кум (бийиктиги 665 м, Байкара тоосу) чөлү ээлейт. Түштүк-батышындагы Барак-Тоо (бийиктиги 1660 м), чыгыш ж-а түштүк-чыгышында Жел-Тоо, Ай-Тоо (1506 м), түштүгүндө Кыргыз Ала-Тоосу (400 м) жатат. Климаты континенттик, январдын орточо температурасы –10…–12°С, июлдуку 25–26°С. Жыл­дык жаан-чачыны түздүктөрүндө 100 ммден 500 ммге, тоолорунда 800–900 ммге чейин. Агын суулары өтө аз, ирилери: Чүй, Талас, Асса ж. б. Түндүк-чыгышында Балкаш көлү жайгашкан. Газ, фосфорит, түстүү металл (алтын, күмүш), таш көмүр, барит, гипс, туз, курулуш материалы казылып алынат. Боз, шор, шортоң топурак басымдуу. Тоо этектеринде коңур-кызыл топу­рак таралган. Чөлдөрүндө сөксөөл, чий, Чүй, Талас сууларынын боюнда тал-терек, тоолорунда арча, ыргай ж. б. өсөт. Тоо-кен, химия, жеңил, тамак-аш, булгаары-бут кийим, фосфорит өнөр жайы, спирт, май заводдору бар. Дан эгин (буудай, арпа), жүгөрү, кант кызылча, картөшкө, жашылча-­жемиш айдалат. Бакчачылык, жүзүмчүлүк, эт­ сүт багытындагы мал чарбасы, каракөл коюн өстүрүү өнүккөн. Ири автомобиль жолу – Ал­маты – Мерке – Чымкент. Облустун аймагы ар­кылуу Бухара – Алматы газ кууру өтөт.