ЖАМГЫР АЛТЫН КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:51, 30 Май (Бугу) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАМГЫР АЛТЫН КЕНИ Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда, Талас кырка тоосунун түштүк капталында, Кара-Касмак суусунун баш жагын­да, Кара-Буура ашуусунан 2,5 км түш.-батыш­та, деңиз деңгээлинен 2700–3700 м бийикте жайгаш­кан. 1985-жылы табылып, 1987–92-жылдарда издөө-баа­лоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы пермдин граниттери, гранит-порфирлери м-н жирелген рифейдин граниттеринен, рифей-венддин кум­дуктарынан ж-а алевролиттерден түзүлгөн. Ал­тын-кварцтуу тарамдар пермдин граниттери­нин ичиндеги түн.-батыш багытка созулган жа­ракалар м-н байланышкан. Кенташ гидротерм процесстеринин натыйжасында пайда болуп, та­рам тибине ж-а алтын-сульфид-кварцтуу фор­мацияга кирет. Кенташтын негизги минералда­ры: пирит, халькопирит, арсенопирит, нукура алтын, галенит, нукура күмүш ж. б. Кенташ­тагы алтындын өлчөмү 11,93 г/т, күмүштүкү – 38,56 г/т, молибдендики – 0,14%. Алтындын запасы 19,329 т, күмүштүкү – 6,663 т.