ГРОМЫКО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:19, 23 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРОМЫКО Андрей Андреевич [5(18).7.1909, азыркы Беларуссия, Гомель обл., Эски Громыки кыш. – 2.7.1989, Москва)] – сов. мамл. ишмер ж-а дипломат. Соц. Эмг. Баатыры (1969, 1979). Экон. илимд. доктору (1956). 1932-ж. Минск а. ч. ин-тун бүтүргөн. 1936–39-ж. СССР ИАнын Экон. ин-тунда кызматкер, 1939-жылдан Тышкы иштер эл комиссариатында амер. өлкөлөр бөлүмүнө башчы. 1943–46-ж. СССРдин АКШ ж-а Кубадагы элчиси, 1946–48-ж. БУУдагы туруктуу өкүлү, 1952–53-ж. Улуу Британиядагы элчиси, 1953–57-ж. СССР тышкы иштер министринин биринчи орун басары, 1957–85-ж. тышкы иштер министри. 1985–88-ж. СССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы, 1973–88-ж. КПСС БКнын Саясий бюросунун мүчөсү. БУУну түзүүгө арналган Думбартон-Окс конф-ясында (1944) сов. делегацияга жетекчилик кылган. СССР, АКШ, Улуу Британия өлкөлөрүнүн башчыларынын Крым ж-а Потсдам конф-яларына (1945), Варшава келишимине кирген мамлекеттердин Саясий консультациялык к-тинин советтерине катышкан. Г-нун катышуусу м-н Советтер Союзунун тышкы саясаты ж-а эл аралык мамилелерине арналган монографиялар жарык көргөн. Лениндик (1982), СССР мамл. (1984) сыйл. лауреаты. Беш Ленин ордени, медалдар м-н сыйланган.