ЖАМИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:38, 30 Май (Бугу) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАМИ Абдурахман Нураддин ибн Ахмад (7. 11. 1414, Иран, Нишапурга жакын, Жам шаары – 9. 11. 1492, Герат, азыр Афганстан) – фарсы ж-а та­жик акыны, философ. Гераттагы Дилкаш мед­ресесин бүтүргөн. Самарканддагы Улукбектин медресесинде окуп жүргөндө илимпоздор м-н аралашып, бат эле таанылган. Гератка кайра барып, ак сарайдагы кызматтан баш тартып, суфизм жолуна түшкөн. Ислам динин бекем ту­тууга, адилет жүрүүгө үндөгөн. Чыгармаларын­да элдин азаптуу турмушуна жаны кейип, бий­лик өкүлдөрүнүн зомбулугун ашкерелеген. Сул­тан-Хусейн Байкаранын (1468) бийликке келип, анда Алишер Навоинин вазир болушу Жаминин абалын жакшырткан. Алгачкы чыгармалары: «Алтын чынжыр» поэмасы (1472), прозалык­мистикалык трактаттары, уйкаштык ж-а өл­чөм, ыр түзүү б-ча колдонмо. Диний философиялык ыр­ларында суфизмдин дүйнөлүк маанисин көтө­рүүгө умтулуп, билимге, ыйманга чакырган. Жаминин адабий ишмердигинин гүлдөгөн учуру «Сыр кенчи» (1457), «Кудуреттин жарыгы» ат­туу диний философиялык касыйдаларын жараткан мез­гилге (1471-жылдан кийин) туура келет. Ибн Синанын рационализмин ж-а ыйык суфийлер­дин таржымал жыйнактарын сындаган. Жаминин даңкын чыгарган чыгармалары – лирикалык үч жыйнак (1479–91) м-н жети дастандан турган «Хавтавранг» («Чоң жетиген») аттуу китеби. «Искендердин акылмандуулугу жөнүндөгү ки­теп» (1486–87) деген дастанында элдердин тең укуктуулугу идеясын көтөргөн. Башка поэма­ларында да Жами өз эл-жерин сүйүүгө, өз ара ын­тымакка, адилеттик м-н жоомарттыкка чакыр­ган. «Саламан менен Абсалал», «Жусуп менен Зулайка», «Лайли-Мажнун» поэмалары нагыз чындык м-н ыйман жолунда жазылган. Акыр­кы жылдардагы «Бахарстан» (1487), «Музыка жөнүндө трактат» чыгармалары Саадинин «Гүлстанына» жооп болгон. Жаминин гуманист­тик чыгармачылыгынын этикалык бийик идеалы фар­сы тилиндеги адабияттын ж-а дүйнөлүк мусулман адабияттарынын өнүгүшүнө зор таасир тийгизген. «Лайли-Мажнун», «Жусуп менен Зулайка» ж. б. чыгармалары кыргыз элине эзелтен белгилүү. Чыгармалары көп тилдерге которулган. 1964-жылы СССРде Жаминин 550 жылдык мааракеси өт­көрүлгөн.

Чыг.: Избр. произведения: В 4 т. Душ., 1971–1981.

Ад.: Джами А. / Сб. статей. Душанбе, 1964; Афсахзод А. Лирика Абд ар-Рахмана Джами. М., 1988.

А. Садыков.