ЖАН-БУЛАК КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ
ЖАН-БУЛАК КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ – Нарын районунда, Нарын шаарынан 20 км батышта, Жан- Булак кыштагынан 1,5 км чыгышта, деңиз деңгээлинен 2050–2100 м бийикте жайгашкан. 1976-жылы Түндүк Кыргыз геологиялык экспедициясы чалгындаган. Төртүнчүлүк мезгилдин аягында пайда болгон кумшагыл катмары Нарын дарыясынын биринчи, экинчи, үчүнчү ж-а төртүнчү тектирин түзөт. Кумшагылдын жалпы калыңдыгы аныкталган эмес, изилденген калыңдыгы 4–15 м. Кум-шагылды жаап турган кумайлуу топурактын калыңдыгы 0,1–2,4 м. Орточо гранулометрдик курамы: 500–70 мм – 43,2%, 70–5 мм – 42%, 5 ммден майдасы –14,8%. Кум-шагыл «300» маркадагы бетон алууга жарамдуу. Бекитилген запасы: А