ЖАНГАЗИЕВ
ЖАНГАЗИЕВ Муса (23. 3. 1921, Чүй обл., Сокулук р-ну, Кара-Сакал айылы – 28. 2. 1997, Бишкек) – балдар жазуучусу, Кыргыз эл акыны (1981). Ата-энесинен эрте ажырап калып,

1929–35-ж. Фрунзе ш-ндагы
Крупская атн., 1935-жылдан Гүлчөдөгү балдар үйүндө тарбияланган. 1936–41-ж. балдар үйүндө, кийин Гүлчөдөгү Токтогул атн. орто мектепте иштеген. 1943-ж. Ош обл. комсомол к-тинин пропаганда ж-а агитация б-ча секретарлыгына шайланган. 1946–48-ж. Кырг-н КП БКнын алдындагы респ. парт. мектепте окуган. 1945-ж. «Кызыл Кыргызстан» гезитинде бөлүм башчы, «Кыргызстан пионери» гезитинин (1950–52), «Жаш ленинчи» (1956–59), «Ала-Тоо» (1952–54) журналдарынын редактору, 1966-жылдан Кырг-н жазуучулар союзунун секретары болуп иштеген. 1954-ж. СССР жазуучулар союзунун алдындагы жогорку курста окуган. Адабий ишмердиги 1940- жылдары башталган. Учурунда ырлары, очерктери, фельетондору ж-а аңгемелери респ. гезитжурналдарга үзгүлтүксүз басылып турган. 1951-ж. балдар үчүн жазылган «Балалык» деген биринчи ыр жыйнагы жарыкка чыккан. Кийин «Бакыт гүлдөрү» (1951), «Ак козу» (1956), «Дуровдун бурчу» (1958), «Зоопаркта» (1960), «Өскөн жер» (1957), «Сыймык» (1961), «Жыргалым» (1965), «Бермет» (1967), «Көз нурларым» (1973), «Сүйүнөм» (1975) ж. б. ыр жыйнактары жарык көргөн. Ж. – «Ажырагыс достор» (1953), «Назарбектин классташтары» (1957), «Жети жылдыктын жеткинчектери» (1961), «Дагы кол чабылды» (1963), «Тилектештер» (1966) аттуу повесттердин автору. Жазуучунун негизги темасы – достук, кыргыз жергеси, анын жаратылыш байлыктары, балдардын Ата журтка болгон сүйүүсү, эмгекке тарбиялоо. Ж. «Бала менин өмүрүм» аттуу тандалган жыйнагы үчүн Кырг-н Ленин комсомолу сыйл. алган (1972). Ж-дин сценарийи б-ча бир нече фильм ж-а телефильм тартылган. Ж-дин айрым китептери орус, украин, өзбек, эстон, азербайжан, түркмөн, казак, татар, якут ж. б. тилдерге которулган. Эмгек Кызыл Туу, 2 «Ардак Белгиси» ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.
гарчылар муундан муунга өткөрүп, биздин күнгө жеткирген. Эпосту биринчи изилдеген ж-а орус тилине которгон (1854) А. А. Бобровников болгон. 1940-ж. эпостун 500 жылдыгы белгиленген. «Ж.» моңгол элинде да айтылат.