ЖАНАЗА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:27, 30 Май (Бугу) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАНАЗА (ар. маркум маанисинде) – кайтыш болгон мусулман адамга багышталып окула тур­ган дуба намаз. Жаназа окуу маркумдун күнөөлөрүнүн ж-а кемчиликтеринин кечирилишин кудайдан суранып, жерге берилиши көрсөтүлгөн акыркы мусулмандык зыйнат болуп саналат. Таза жуу­луп, кепинделип, табытка салынган маркумдун сөөгү жамаат (даараты бар эркектер гана) ал­дына жерге коюлат. Жаназа окуган имам маркум­дун көкүрөгүнүн тушунда кыбылага карап, жамаат имамдын артында тикесинен турушат. Жаназа окууда маркумдун ким (эркек, аял, уул бала, кыз бала) экендиги, жаш курагы (жашы өтүп калган, балакатка – «күнөө» жашына жеткен– эркектерге 12 жаш, аялзаты үчүн 9 жаш, ба­лакатка жетпеген же наристе) айтылып, ошого жараша дуба окулат. Шарият шарты боюнча жаназа окулгандан кийин маркумдун сөөгү жерге бе­рилет. Өзүн өзү өлтүргөндөргө, кайырдиндерге, шейит болгондорго жаназа окулбайт.