ЖЕҢИЛ АТЛЕТИКА
ЖЕҢИЛ АТЛЕ́ТИКА – спорттун негизги ж-а эң кеңири тараган түрүнүн бири; ага ар түрдүү аралыктарга жүгүрүү ж-а спорттук басуу, узундукка, бийикке секирүү, спорт снаряддарын (диск, найза, граната) ыргытуу ж. у. с. спорттун көп түрү кирет. Азыркы спорттук бөлүштүрүүдө жеңил атлетикалык көнүгүүлөрдүн 60тан ашык түрү бар. Олимпиялык оюндарда эркектер үчүн 24, аялдар үчүн 14 түрү белгиленген. Жеңил атлетика. континенттик ири спорт мелдештердин ичине кирет. Басуу – чыдамкайлыкка көнүктүрөт ж-а чуркоого жардамчы көнүгүү болуп эсептелет. Ири эл аралык мелдештерде, олимпиялык оюндарда 20 ж-а 50 км аралыкка басуу белгиленген. Чуркоо, жүгүрүү – адам организмин жакшы өнүктүрөт. Чуркоо боюнча төмөндөгүдөй аралыктарга: спринтердик – 60–400 м; орто аралыкка – 800– 2000 м; узун аралыкка – 20, 25, 30 км; сааттык; марафондук – 42 км 195 м мелдеш өткөрүлөт. Булардан сырткары 80, 110, 200 ж-а 400 мге тоскоолдуктуу чуркоо; 3000 мге тоскоолдуктарды жеңүү м-н чуркоо; 500 мден 15 кмге чейин кросстук чуркоо ж-а эстафеталык чуркоо кирет. Секирүү – күчтү ж-а шамдагайлыкты өнүктүрөт. Секирүүнүн 4 түрү бар: бийиктикке, узундукка, үчтүк ж-а шыргый м-н секирүү. Ыргытуу – бүткүл дененин, өзгөчө кол, курсак ж-а далы булчуңдарын чыңдоого оң таасир берет; күчтү, шамдагайлыкты, тездикти ж-а аралыкты болжой билүүнү өнүктүрөт. Анын 5 түрү бар: диск, найза, балка, граната ыргытуу ж-а ядро түртүү. Жеңил атлетика 1896-жылдан Олимпиялык оюндарга кирген. 1934-жылдан европалык, 1983-жылдан дүйнөлүк..чемпионат өткөрүлөт. 1912-ж. жеңил атлетиканын Эл аралык федерациясы негизделген. Азыркы учурда ал 170тен ашуун өлкөнү бириктирет. 1934-жылдан европалык, 1983-жылдан дүйнөлүк чемпионат өткөрүлөт. Эгемендүү Кыргыз Республикасынын жеңил атлетикачылары 1996-ж. Атланта (7 спортчу), 2000-ж. Сидней (9), 2004-ж. Афины (7) ж-а 2008-ж. Пекин (5) шаарында өткөн Олимпия оюндарына катышкан. Олимпия оюндарына, дүйнөнүн чемпионаттарына катышып, дүйнөлүк рекорд коюшкан күлүктөр – Л. Иванов, О. Барч, В. Корсакова, С. Жуманазаров, М. Кульчунова, Т. Калпакова, М. Сысоева, А.Чернецкий, И. Паклин ж. б.