ЖАРКЫМБАЕВ Акмат
ЖАРКЫМБАЕВ Акмат (1882, Нарын облусу, Ат- Башы району, Ак-Жар кыштагы –1982, ошол эле жер) –

малчы, Социалистик Эмгектин Баатыры (1957). Кыргыз ССРинин мал чарбасына эмгек сиңирген устат (1955). Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ленин атындагы колхоздо баш чабан болуп иштеген. Койдун санын көбөйтүүдө, кунардуулугун арттырууда чоң ийгиликтерге жетишип, 1954–56-ж. ар койдон 4,2, 1957-ж. 4,5 кгдан жүн кыркып алган. Ар бир ириктин тирүүлөй салмагын 70 кгга жеткирип, мамлекетке өткөргөн. Ленин ордени м-н сыйланган.