ЖАРЫК АБЕРРАЦИЯСЫ
ЖАРЫК АБЕРРАЦИЯСЫ – 1) жарык булагы м-н байкоочунун ортосундагы салыштырмалуу кыймылдын негизинде жарык булагынын чыныгы көрүнүш абалынан четтеши. Жарык аберрацисынын бир нече түрү бар. Бир чекитке жыйналган жарык нуру линзадан өткөндө же сфералык күзгүдөн чагылганда алардын фокусуна жыйылуудан четтеши с ф е р а л ы к аберрация деп аталат. Бир чекиттен чыккан ар түрдүү түстөгү нурлар линзадан өткөндөн кийин, анын фокусуна жыйналышынан четтеши х р о м а т и к а л ы к (түстүү) аберрация болот. 2) А с т р о н о м и я д а – асман жарык чыгаргычы м-н байкоочунун кыймылына жараша жарык нурунун багытынын өзгөрүшү. Жер өз огунда айланганда суткалык, Күндү айланганда жылдык, Күн системасынын мейкиндикте кыймылында кылымдык жарык абберациясы болот. Астраномиялык аберрация астрофизикалык иликтөөлөрдө, Жердин Күндү айлануу ылдамдыгын ж-а жарык ылдамдыгын так аныктоодо пайдаланылат.