ЖАНЫБАРЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:35, 16 Июнь (Кулжа) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАНЫБАРЛАР , а й б а н а т т а р (Animalia) – тирүү организмдер дүйнөсүнүн (царствосунун) эң чоң бөлүмү; органиткалык дүйнөдөгү негизги эки топтун бири (экинчиси – өсүмдүктөр). Кургакта жаша­ган жаныбарлардын теги – деңизде ж-а тузсуз сууда жа­шаган жаныбарлар, кээ бири кайра сууда жашоого өткөн. Бардык жапныбарлар козу карындар сыяктуу – гетерот­рофтуу организмдер, башкача айтканды даяр органикалык заттар м-н азыктанат. Ошондой эле жаныбарлардын дагы бир маанилүү өзгөчөлүгү – активдүү метаболизмдин болушу. Органикалык дүйнөнүн өнүгүүсү м-н жаныбарлардын түзүлүшү ж-а функциясы бара-бара татаалданып, кыймыл­доо, тамак сиңирүү, бөлүп чыгаруу, жыныс, дем алуу, кан айлануу, сезүү органдары пайда бол­гон. Жаныбарлардын өзгөчө татаал жүрүм-турумдары да калыптанган, мисалы., курт-кумурскалар, куштар ж-а сүт эмүүчүлөрдүн жупташуу алдындагы сай­роо, бийлөө ж. б. оюндары. Жаныбарлар түзүлүшү боюнча негизи 2 топко бөлүнөт: жөнөкөйлөр же бир клет­калуулар ж-а көп клеткалуулар. Жангыбарлардын азыр жашаган 16 тиби, 1,5 млнго жакын түрү бел­гилүү. Алардын көпчүлүгү деңизде жашайт. Кыргызстанда омурткалуу жаныбарлардын эле 500дөн ашык түрү, курт-кумурска м-н кенелердин 3171, ба­лыктардын 49, амфибиялардын 3, сойлоочул­дардын 25, куштардын 335, сүт эмүүчүлөрдүн 83кө жакын түрү кезигет. Татаал түзүлүштүү жаныбарларда булчуң ж-а бириктиргич ткандар жакшы өөрчүгөн. Алар алгачкы ооздуулар (муунак курт­тар, моллюскалар, муунак буттуулар) ж-а экин­чи ооздуулар (ийне терилүүлөр, хордалуулар), ошондой эле омурткалуулар ж-а омурткасыздар болуп бөлүнөт. Көпчүлүк жаныбарлар өтө чоң чарбалык маа­ниге ээ. Алардын ичинде айыл чарбалык, промыселдик, лабораториялык максат үчүн өстүрүлгөндөрү бар; көбү – тамак-аш, өнөр жай сырьёлорунун булагы. Жаныбарлардын систематикалык ири тобу мителик м-н тиричи­лик өткөрөт. Айрым жаныбарлар адамдын, жаныбарлар­дын ж-а өсүмдүктөрдүн транмиссиялык оорула­рынын козгогучтарын жугузат; көпчүлүк курт-­кумурскалар, кенелер токойлорго, а. ч. өсүмдүк­төрүнө зыян келтирет. Адамдын жаратылыш­ка (айрыкча жаныбарларга) тийгизген таасири­нин тынымсыз өсүшү бир түрдүн азайышына, экинчи түрдүн таптакыр жок болушуна алып келүүдө. Ошого байланыштуу сейрек ж-а жого­луп бара жаткан жаныбарлардын түрлөрү ТКЭСтин, ошодой эле Кыргызстандын Кызыл китебинин тизмеси­не киргизилип, коргоого алынган. Жаныбарлар жөнүндөгү илим – зоология.

Ад.: Жизнь животных. В 6 т. М., 1983–1989.