ЖИЙДЕЛЕР
ЖИЙДЕЛЕР (Elaeagnасеае) – эки үлүштүү өсүмдүктөр тукуму. Бадалдар, көбүнчө тикенектүү, анча чоң эмес дарактар. Кабыгы боз, жалбырагы жөнөкөй, бүтүн, кезектешкен же түгөйлүү канаттай. Жаш өркүнү, жалбырагы, гүлү түкчөлөр м-н капталган. Гүлү 1 же 2 жыныстуу,желекчесиз, актиноморфтуу. Жийделер шамал же чымын-чиркей аркылуу чаңдашат. Мөмөсү – ши-

релүү же кургак сөөкчө. Тамыры азот топтоочу бактериялуу түймөктөрдү пайда кылат. Европа, Түндүк Америка, Азияда 3 уруусунун 50дөй түрү өсөт. Мөмөсү желет, дары-дармек жасоодо колдонулат, кооздук үчүн өстүрүлөт . Дарагынын сөңгөгү баалуу, кабыгынан, жалбырагынан өңдөгүч заттар, гүлдөрүнөн бал алынат. Орто Азияда, Кавказда ж-а Кыргызстанда кууш жалбырактуу ж-а чыгыш жийделери таралган.