ЖОГОРКУ МАТЕМАТИКА
ЖОГОРКУ МАТЕМА́ТИКА – техникалык ж-а айрым атайын окуу жайлардын окуу планына кирген математикалык сабактардын жыйындысы. Жогорку математиканын жалпы курсуна аналитикалык геометрия, сызыктуу алгебра, математикалык анализ, эсептөө математикасынын негиздери, ыктымалдык теориясы, математикалык статистика, дифференциал теңдемелер теориясы кирет. Техникалык прогресстен улам бул курс математиканын башка тармактары м-н да кеңейүүдө.