ЖОЙСТИК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:06, 18 Июнь (Кулжа) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖО́ЙСТИК – компьютер оюндарында баскыч топтун (клавиатуранын) же «чычкандын» орду­на командалык түзүлмө сыяктуу колдонулуучу атайын тутка. Үстөлгө же тегиз жерге орноту­лат да, кыймылдуу туткасын оңго-солго, асты­га ж-а артка жантайтуу аркылуу курсор баш­карылат. Баскычтарды басуу м-н программалык жабдыктарга жараша айрым аракеттер актив­дештирилет. Жойстик көбүнчө оюнга арналган про­граммаларда колдонулат.