ЖОЛБОРС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:11, 18 Июнь (Кулжа) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОЛБОРС (Felis tigris) – мышыктар тукумун­дагы сүт эмүүчү ири жаныбар. Дене узундугу 160– 190 см, чанда 3 м, салмагы 390 кгдай, куйругу 1,4 мге жетип, кулагы кыска, буттары күчтүү, таманы жазы, тырмагы курч. Жүнү кыска, ты­гыз, жумшак. Түсү кызгылт сары. Капталында кара тилкелери бар. Кытай, Индия, Инди-Кы­тай, Малай архипелагы ж-а Иранда; Россиянын Приморье крайында (амур жолборсу) кездешет. Ал

бадалдуу ж-а калың камыштуу жерлерди, да­рыя жээктерин, токойлорду мекендейт. Көбүнчө эчки-теке, аркар-кулжа, бугу-марал ж. б. жа­ныбарларды кармап жейт. 2–3 жылда 1 жолу 2–6 күчүк тууйт. 15–17 жыл жашайт. Аярлап басат, сууда жакшы сүзөт. ТКЭСтин Кызыл ки­тебине катталган.