ГРОТЕСК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:19, 23 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРОТЕ́СК (фр. grotesque, итал. grottesco – тике маанисинде – «күлкүлүү», башкага окшобогон; «гротэск» деп окулат) – 1) а д а б и я т т а, окуяларды, предметтерди, адам мүнөздөрүн адаттан тышкары ашырып же фантастикалык ыкта басаӊдатып көрсөтүү. Г. сатиралык сурөттөөгө жакын. Бирок мында шылдыӊ, сындоо м-н ирония – жумшак юмор бирдикте келет да, бирде күлкү келтирсе, бирде шылдыӊдалат. Г. көбүнчө сатиралык мүнөздө болот. Орус ад-тында Н. Гоголдун «Мурун», «Өлүк жандар», М. Е. Салтыков-Щедриндин «Бир шаардын тарыхы» өӊдүү чыгармалар – Г-тин классикалык үлгүлөрүнөн. Кыргыз ад-тында М. Алыбаев («Ак чүч», «Бюрократ»), Р. Шүкүрбеков («Жинди суу») чыгармаларында Г. ыктуу колдонулган; 2) к ө р к ө м с ү р ө т и с к - в о с у н д а, өсүмдүк, айбан, адам ж. б-дын сөлөкөттөрүн укмуштантып фантастикалык формада айкалыштыра тарткан сүрөт-чийме. Г-тик образдан көп учурда күлкүлүү ж-а комедиялуу нерсе трагедиялык ж-а драмалык мааниге чейин өсүп жетилет. Мындай чагылдырууларга О. Домье, Ф. Гойя ж-а Ж. Каллонун сүрөттөрү, Х. Босх м-н П. Брейгелдин картиналары кирет. Г. сатиралык мүнөздөгү чыгармаларда көп кездешет (мис., Кукрыниксилердин саясий карикатураларында); 3) итал. Кайра жаралуу доорунда кеӊири тараган орнаментациянын аталышы. Жер алдында (Рим «гротторунда») сакталып калган антикалык оймо жазуулар Г. аталган. Г. көбүнчө өсүмдүк формалары түшүрүлгөн ж-а бири-бирине шайкеш келген тилкелерден турат. Негизинен арх-ра деталдарында, өзгөчө пилястрларда кездешет (Арабеска м-н салыштыр). Кеӊири түшүнүктө Г. – кескин мүнөздөгү карикатурадан, түрү суук же таӊкаларлык нерседен фантастикалык абалга жеткирилген нерселер.